Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолукту

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Алматы шаарында өтүп жаткан “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумунун алкагында өттү.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтыгы, ошондой эле эл аралык уюмдар менен интеграциялык бирикмелердин алкагындагы мамилелери күндѳн-күнгѳ тереңдеп жана өнүгүп келе жаткандыгын белгилешти. 

Акылбек Жапаров биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери деталдуу талкууланып, өз ара түшүнүшүү, ишеним жана колдоо деминде чечилип жатканын белгиледи. 

Өткөн жылдагы иш сапарлар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө чоң түрткү берди. Бүгүнкү биздин жолугушуубуз дагы эки тараптуу кызматташтыгыбыздын актуалдуу маселелерин талкуулоого, андан аркы жолун жана келечегин аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем”, – деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн жана эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы белгилегендей, быйыл Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны, Кыргыз-казак Аймактар аралык форумунун биринчи отуруму сыяктуу бир катар иш-чаралар өтөрү пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты