Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун биринчи этабына даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты
- 2 года мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Нарын дайрасындагы Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясынын курулушуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымдагандай, 2 жыл аралыгында жаңы жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды салуу жана эскилерин калыбына келтирүү, ошондой эле жумушчулар үчүн башка тийиштүү инфраструктураларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Анын айтымында, ГЭСтин биринчи гидроагрегатын 8 жылдан соң ишке киргизүү пландаштырылууда.
Сапардын жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров объектидеги даярдык иштерин сапаттуу жүргүзүүнү камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Маалыматтарга ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын-ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5.5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.
Президент Садыр Жапаров жакында берген маегинде Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышууга кызыгуусун билдирип жатканын маалымдаган.