Акылбек Жапаров Исламабад шаарына барат
- 1 месяц мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-16-октябрда жумушчу сапар менен Пакистандын Исламабад шаарына барат.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.
Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат.
Мындан тышкары эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөөрү күтүлүүдө.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү