Акылбек Жапаров: «Ичүүчү сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж»

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ичүүчү сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж экенин айтты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда республикалык кеңешме өттү. 

«Ачык жерлердеги водозаборлордогу суу тоңуп жатты. Мен 3 күндөн бери мындай суу топтоочу жайларды жеринен көрүп келдим. Биз кийинки жылга бул проблеманы чечүүнүн үстүнөн иштерди алып барабыз. Ичүүчү суулардын тутумдарын жердин астынан алчудай кылабыз, насосторду коёбуз. Быйыл ичүүчү сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж. Майлы-Суу шаарындагы абалды көрүп турасыздар. Муниципалитет курулмаларды тейлей албай жатат. Анткени тариф абдан төмөн, өзүн-өзү актабай жатат. Ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоо зарыл. Суунун бир куб метрине (1000 литр) Бишкектин бир тургуну 5 сом 38 тыйын төлөйт, ал эми анын өздүк наркы 7 сом 70 тыйын. 1 куб суунун муниципалдык тарифи Чүй облусунда 8 сом болсо, Жалал-Абадда 15 сом, бирок айрым райондордо (Өзгөн району) 39 сомго чейин жетет. Пластик бутылкалардагы жарым (0,5) литр сууну 15 сомдон сатып алып ичебиз. Ал эми кранда канчалаган куб сууну агызып колдонуп жатканыбыз үчүн эч ким реалдуу бааны төлөгөн жок», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты