Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынына катышты

  • 11 месяцев мурун

24-августта Армениянын Цахкадзор шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Отурумга Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Жапаров интеграциялык байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюунун жана ЕЭКке зарыл ыйгарым укуктарды берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынына катышты #92103
Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынына катышты #92104
Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынына катышты #92105
Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынына катышты #92106
Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынына катышты #92103 (preview)Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынына катышты #92104 (preview)Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынына катышты #92105 (preview)Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынына катышты #92106 (preview)

Ошондой эле Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү Биримдиктин 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилдеги стратегиялык өнүгүүсү, анын ичинде интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана маанилүү багыттары жөнүндө Декларациянын долбоору боюнча пикир алмашты.

Кезексиз жыйындын жыйынтыгында, өкмөт башчылар Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине Санкт-Петербург декларациясынын долбоорун ЕӨАКтин алдыдагы отурумунда акыркы вариантын кароо максатында иштеп чыгууну тапшырышты. Жыйын 2023-жылдын 26-27-октябрында Бишкек шаарында өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты