Акылбек Жапаров электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды

  • 11 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Кыштын күнү электр энергияны үнөмдөп колдонгула” деп Энергетика министрлиги элге кайрылып жатат. Айрым жарандарыбыз болсо андан саясат жасагылары келишүүдө. “Мына өлдүк, кыштын күнү тоңобуз, бул бийлик свет менен камсыз кыла албай калды” деген сыяктуу сындарды айта башташты. Ооба, чындыгында быйыл кыштын күнү электр энергиясы дефицит болот. Анткени суу жылдагыдан аз болду. Суу аз болгон цикл жүрүп жатат. Кудай буюруп, жогорудагы ГЭСтерибиз бүтөрү менен, электр энергиясынын маселеси чечилет. 30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу. Электр энергияны үнөмдөп колдонолу. Керек болсо, кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрөлү. Мунун баарына бүгүнкү бийлик күнөөлүү эмес да. Мурдагы бийликтегилер эн жок дегенде жылына бирден ГЭС куруп турса, 30 жылда 30 ГЭС туруп калмак. Эгер электр энергиясынын маселеси жол салуу, мектеп куруу сыяктуу көйгөй болгондо, азыр мектептерди, жолдорду салып жаткандай кылып эле бир жылда чечип коёт элек.ГЭСтерди курууга убакыт, кылдаттык, татаал долбоорлор талап кылынат экен. Башка өлкөлөрдөн, мисалы, Россиядан, Түркмөнстандан азыр кошуналар аркылуу импорт алуудабыз. Бирок кыштын күнү Казакстан менен Өзбекстандын бизге электр энергиясын транзит кылып өткөрүп бергенге аба чубалгылары чыдабайт экен. Өздөрүнөн ашпайт. Ошондуктан урматтуу мекендештер, бизди, азыркы өкмөттү туура түшүнүп, азыртадан электр энергиясын үнөмдөөгө өтөсүздөр деп ишенем», — деп жазды ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты