Акылбек Жапаров: Эки жылда 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулта алдык

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кени мамлекеттин башкаруусуна өткөндөн кийин 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулганын, азыркы тапта Улуттук банктын карамагында турганын билдирди. Бул тууралуу ал «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде айтты.

«2021-жылы президентибиз Кумтөрдү алдык, мындан ары Кумтөрдүн алтыны кыргыз мамлекетинин пайдасына иштейт» деп жар салганда, айрым сабаттуу депутаттар: «Бул эч качан ишке ашпайт. Эл аралык соттон утулабыз. Миллиарддаган долларга жыгылабыз. Сабатсыздар Кумтөрдү мыйзамсыз алды. Ит эле болобуз» деп кыйкырып чыккан. Ит болбой эле алып койдук. Ошондон бери «Кумтөрдүн» алтыны чогулуп жатат. Бүгүн 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулду. Мен 90-чу жылдардан бери саясатта жүрөм. Бирок буга чейин мындай жемиштүү иш болгон эмес. Эки жылда эле 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулта алдык. Азыр Улуттук банкта жатат. Кечээ жакында депутаттарды алып барып көрсөтүп чыктым«, — деди Жапаров.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты