Акылбек Жапаров эки жарым жылдын ичинде маданият тармагына бөлүнгөн бюджет үч эсеге көбөйгөнүн айтты

  • 5 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө ведомствонун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2024-жылга карата актуалдуу милдеттер талкууланды. 

Акылбек Жапаров белгилегендей, эки жарым жылдын ичинде маданият тармагына бөлүнгөн бюджет үч эсеге көбөйүп, 2023-жылы 7,1 миллиард сомду түздү. 

«Өткөн жылы маданият тармагында бир катар алгылыктуу өзгөрүүлөр болду. Тактап айтканда, жаңы музыкалык аспаптар, артисттер үчүн костюмдар сатылып алынып, театрлар жана мамлекеттик цирк оңдолуп жатат. Мамлекет маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоону, таланттуу жаштарды колдоону мындан ары да улантат. Областтык жана райондук театрларды, маданият үйлөрүн, музыкалык окуу жайларын оңдоо иштери улантылат. Быйыл Бишкектин жанына этно-маданий комплекстин курулушу башталып, «Манас» театрынын имараты да пайдаланууга берилди», — деди ал. 

Акылбек Жапаров маданият мекемелеринде – театрларда, китепканаларда, музейлерде санариптештирүү маанилүү орунду ээлеши керектигин баса белгиледи. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн өткөн жылдагы спорттук жетишкендиктерин да белгилеп, спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулаарын кошумчалады. Акыркы үч жылда спорт тармагына бөлүнгөн бюджет 4 эсеге көбөйүп, 2023-жылы 1,7 миллиард сом бөлүнгөн. 

Коллегиялык жыйынынын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди. 

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн жыйындын алкагында, Акылбек Жапаровго эстрадалык симфониялык оркестр, К.Орозов атындагы оркестр, мамлекеттик симфониялык оркестр, «Ак-Марал» ансамбли жана «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблине сатылып алынган жаңы музыкалык аспаптарды көрсөтүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты