Акылбек Жапаров ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минскке учуп кетти

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны 20-21-июнда Минск шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөт.

Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.

Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет каралган.

Мындан тышкары жыйында товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасы талкууланат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты