Акылбек Жапаров Бишкекке эски автоунааларды киргизбөө керектигин айтты

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекке эски автоунааларды киргизбөө керектигин айтты. Бул тууралуу ал Министрлер кабинетинин кеңешмесинде билдирид.

«Бишкекке транзиттик каттам менен кирип жаткан автоунаалардын маселесин чечишибиз керек. Алар шаарды айланып өткүдөй болсун. Бишкектин кайсы зоналарында ыштын көрсөткүчү 500дөн ашып жатканын тактап, ошол жактарга катализатору жок, эски автоунааларды киргизбеш керек. Кышында катализатор менен гана машинелер жүрсүн. 1,5 миллион автоунаа сатып алыптыр. Анын 1,2 миллиону 15 жылдан эски. Бүт эски машинелерди чогултуп, алардын катализаторун да кесип, 300 доллардан 500 долларга чейин сатып, азыр баары Бишкекте жүрөт. Бул көйгөйдү кийинки кышкы мезгилгенге чейин чечиш керек», — дейт Акылбек Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты