Акылбек Жапаров Бишкекке автобус сатып алуу маселесин тез арада чечүүнү тапшырды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу маселеси кыска мөөнөттө чечилиши керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн 9-апрелдеги кеңешмесинде билдирди.

Жапаровдун айтымында, Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн бюджеттен акча бөлүнгөнү менен маселе чечилбей турат. Ал мындан улам шаар тургундары кыйынчылык тартып жатканын да айтты.

Бишкек мэриясынын эсебине ылайык, баш калаага 1700 автобус зарыл, азыр каттамга жүзгө жетпегени чыгат.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) ушул жылы автобустарды сатып алуу үчүн 25 млн. евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты