Акылбек Жапаров Бишкек-Ош унаа жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек-Ош унаа жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Бишкек-Ош автожолун кар көчкүдөн коргоо боюнча курулуш иштери жүрүп жатат. Кышкысын коопсуз өтүү үчүн галереянын узундугу 460 метрди, туурасы 7 метрди түзөт.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта курулуш иштеринин 85%ы бүттү. Курулушту жыл аягына чейин толук бүтүрүү пландалууда. Иш аяктагандан кийин бир жылдын ичинде тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү ишке ашырылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты