Акылбек Жапаров: Бир мык да чыгарбаган өлкөдөн биз автоунаа чыгарган өлкөгө айландык

  • 1 неделя мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Экономикалык ойдун өнүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүү жолдору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, конференция Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын чыгаан экономисти Төлөбек Камчыбековдун 75 жылдыгына арналган.

Акылбек Жапаров конференцияда сүйлөгөн сөзүндө республиканын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, аларды “илбирсттин секириги” катары сыпаттаган.

Акылбек Жапаров: «Макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн Ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүү темпи 8,7%ды түздү, ал эми «Кумтөрдү» эсепке албаганда 10,6%ды түздү, 2023-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,2 триллиондон сомдон ашса, быйыл 1,5 трлн. сомду түздү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор. Өлкөнүн материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Акыркы 3 жылдын ичинде биз 2 миң чакырым жол курдук, өлкөнүн өнөр жай тармагы жанданууда. Бир мык да чыгарбаган өлкөдөн биз автоунаа чыгарган өлкөгө айландык»,- деп сүйлөгөн.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты