Акылбек Жапаров бир катар социалдык объектилердин курулуш долбоорлору менен таанышты

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Бишкектин жанындагы 7 миң орундуу спорттук-маданий комплекстин, Ысык-Көл облусундагы «Асман» экологиялык таза шаарынын, ошондой эле Орок айылындагы 22 миң орундуу стадиону бар «Бишкек Сити» эл аралык ишкер борборунун курулуш долбоору сунушталды.

Мындан тышкары, борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мекемелерге жогоруда аталган объектилердин курулуш долбоорлорун эл аралык стандарттарга жана ченемдерге шайкеш келтирүү иретинде сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды.

«Бул объектилердин курулуш долбоорлорун сапаттуу иштеп чыгуу маанилүү. Аталган долбоорлор жагымдуулугу, ыңгайлуулугу, коопсуздугу жана экологиялык жактан тазалыгы боюнча тыкыр ойлонулушу шарт», — деди Акылбек Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты