Акылбек Жапаров акыркы 2,5 жылда «Кумтөрдөн» 300 млн доллар пайда түшкөнүн айтты

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы 2,5 жылда «Кумтөр» алтын кенинен 300 млн доллар пайда түшкөнүн айтты. Бул тууралуу ал Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

«Кумтөрдөн алган дивиденддер 1994-жылдан 2021-жылдын майына чейин 100 млн доллар болсо, эки жарым жылдын ичинде 300 млн доллар пайда таптык. Кумтөрдөн салыктык ж.б. милдеттүү төлөмдөрдөн түшкөн киреше 2,5 жылда 710,8 млн доллар түштү«, — деди Жапаров.

Өкмөт башчысы өз сөзүндө өлкөдө акча-кредиттик саясат жана салык-бюджеттик саясат туура башкаруу жолуна түшкөнүн айтып, консолидацияланган бюджеттин көлөмү өскөнүн белгиледи:

«2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,8 млрд сомду түзсө, 3 жылдан кийин бюджеттин көлөмү 577 млрд сомго чыкты, ал эми 2024-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин көлөмү 670 млрд сомго чыгат деп болжолдонду, дээрлик 400 млрд сомго көтөрдүк. Бюджеттин кирешесинин өсүүсү жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча саясатты ишке ашырууга салмактуу негиз болуп берди”.

Мындан тышкары, ал мамлекеттик финансыны башкаруудагы реформалар жана санариптештирүү, фискалдаштыруу, салыктык-бюджеттик жана бажы саясатындагы жаңы демилгелер, акционердик коомдорду, мамлекеттик ишканаларды капиталдаштыруу менен мамлекеттин активдери өскөнүн кошумчалады.

Мамлекеттин активдери 2015-жылы 310 млрд сом, 2020-жылы 420 млрд сом болгон, же 5 жылда 1 жарым эсеге көбөйгөн. Ал эми азыр мамлекеттин активдери 824,2 млрд сомду түзөт, же 3 жылдын ичинде эки эсеге өстү«, — деди Акылбек Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты