Акылбек Түмөнбаев: «Президенттин айланасындагылар жөнүндө дагы кайталап айтып чыгам» (ВИДЕО)

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-тет» программасынын коногу болду.

Анда ага «Жыл башында президент айланасын тазалаш керек деген кайрылуу жасадыңыз эле. Сиздин кайрылуудан кийин кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?» деген суроо берилди.

«Кыргызстанда баарыбыз бири-бирибизди тааныйбыз. Ким кандай экенин билебиз. Бул эч кимге жашыруун эмес. Бүгүнкү күнү былтыркы айтып өткөн сөзүмдү дагы Жогорку Кеңештин трибунасында кайталап айтайын деп жүрөм. Ал киши деле мамлекет оңолсун деп аракетин кылып, мурда бийликте жүргөндөрдү алып келип жаткандыр. Баарыбыз көрүп жатабыз жылыш бар. Мектептер курулуп, жолдор оңдолуп жатат.

Президенттин айланасындагылардын аттарын айтып чыгам», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты