Акылбек Түмөнбаев: «Азим Рой менен сүрөткө былтыр түшкөнбүз» (ВИДЕО)

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-тет» программасынын коногу болду.

Анда ал Азим Рой менен түшкөн сүрөттүн таржымалы тууралуу айтып берди.

Акылбек Түмөнбаев: «Азим Рой менен сүрөткө былтыр түшкөнбүз» (ВИДЕО) #67876
Акылбек Түмөнбаев: «Азим Рой менен сүрөткө былтыр түшкөнбүз» (ВИДЕО) #67876 (preview)

«Сүрөткө былтыр түшкөнбүз. Азим Ройдун бүгүнкү күндө соттулугу бар же жоктугун эч ким далилдеп билбейт. Мурда балким камалгандыгы чын болгондур. Ал кишинин Кыргызстанга салым кошсом деген ою бар экен. Беловодскийдеги балдар үйүн каржылап, өзүнүн айылына жардам берип жүрөт. Ал боюнча трагедия кылуунун деле кереги жок. Садыр Жапаров президент болгондон бери миңдеген кишилер менен жолугуп жатат. Сүрөт Ысык-Көлдө тартылган. Президент менен Азим Ройдун жолугушуусунда эмне жөнүндө сөз болгонун уккан эмесмин», — дейт Акылбек Түмөнбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты