Акыйкатчы органдарды жарандык жолдошунун зомбулугуна кабылган аялдын укугун коргоого чакырды

  • 10 месяцев мурун

Акыйкатчы Жамиля Джаманбаева укук коргоо, сот жана прокуратура органдарын 1985-жылы туулган Э. У. аттуу жарандык жолдошунун зомбулугуна кабылган аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыйкатчы институтуна 34 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Анда 14-сентябрда аны жарандык күйөөсү катуу сабагандан кийин билектерин ысык үтүк менен басып күйгүзүп, андан кийин зордуктаганы айтылат.

«Аял зордукчунун колунан араң кутулуп ич кийими менен, жылаңайлак көчөгө качып чыккан. Ал күзөтчүнүн күркөсүнө жашынып, кошуналарынан көмөк сураган. Коңшулары аны жумушка жеткиришип, ал жерден аялга зарыл болгон жардамды көрсөтүшкөн. Ошол эле күнү аял милицияга кайрылган.

Аялдын жактоочусунун айтымында, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь  райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмүнүн белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Анын жарандык күйөөсүн 15-сентябрда кармашкан. 16-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту эркекти 1-тергөө абагына эки айга камоо тууралуу баш коргоо чарасын кабыл алган.

Бирок аялдын жарандык күйөөсүнүн жактоочусу соттун чечимин жогору турган инстанцияга даттанган. Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карайт. Жабырлануучу сот анын жарандык жолдошун эркиндикке кое берет жана ал кайрадан ага кордук көрсөтөт деп коркуп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, аялдын жарандык жолдошу — American school жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болуп саналат.

Акыйкатчы  тиешелүү органдарды  жабырлануучунун укуктарын коргоону камсыз кылууга жана аял кайрадан зомбулукка кабылуусуна жол бербөөгө чакырат.

Акыйкатчы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигин, ошондой эле калаанын прокурорун аталган ишти жеке көзөмөлгө алууга чакырат.

Акыйкатчы институту ошондой эле жабырлануучунун психологиялык көмөк алуусуна колдоо көрсөттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты