Акыйкатчы мамлекеттик органдарды аскер кызматкерлеринин укуктарын камсыздоого чакырды

Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева мамлекеттик органдарды аскер кызматкерлеринин укуктарын камсыздоого чакырды.

“Аскерге чакырылган катардагы жоокерлердин жана офицерлердин укуктарынын коргоо маселеси курч бойдон калууда. Алардын укуктарын камсыздоо жана ден соолугун сактоо үчүн тез арада чара көрүүлүүсү талап кылынат» деп билдирди Акыйкатчы.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдардан аскерге чакырылган жоокерлердин укуктарын так сактоону талап кылат.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Аскер госпиталында мониторинг жүргүздү. Аскер госпиталынын каттоо журналынын маалыматы боюнча 2024-жылдын 1-январынан 26-мартына чейин 607 жаран кайрылган, алардын 139 катардагы жоокер (21%).
2023-жылы аскер госпиталына жалпы 2160 аскер кызматкери кайрылышкан, анын ичинен 663 катардагы жоокер (31%).  
2023-жылы аскерлердин ден соолугун текшерүү учурунда 37 жоокерден бөйрөк оорусунун жетишсиздиги, ал эми 2024-жылдын биринчи кварталында эле 21 аскерден жогорудагыдай дарт аныкталган.
2023-жылы 87 жоокерден варикоцеле дарты табылса, 2024-жылдын биринчи кварталында 42синен аныкталды.

Эркектердин 40% тукумсуз болуп калышынын себеби варикоцеле дарты саналат.

Мониторинг учурунда, аскерге чакырылган жоокерлердин аскердик госпиталга келип жатышынын бирден-бир себеби, медициналык комиссия учурунда аныкталбаган өнөкөт же башка оорулардын физикалык күч келүүсүнөн улам курчуп жатканы белгилүү болгон.  

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, медициналык комиссияда УЗИ жок болгондуктан, алардын ички органдарына текшерүү жүргүзүлбөйт.  

Мындан сырткары, аскер кызматы учурунда госпиталга ар кандай жаракаттар менен жиберилет.
Уставга ылайык, мындай учурда, тиешелүү кызматтарга, анын ичинде аскер прокуратурасына бул тууралуу маалымат жиберилет.

2024-жылдын биринчи кварталында Аскер прокуратурасына жогорудагыдай 16 билдирүү жөнөтүлгөн. Алардын ичинен -10 жоокер 73809 аскер бөлүгүнөн.

Акыйкатчы институту Аскер прокуратурасына кызмат өтөө учурунда ар кандай жаракат алган жоокерлердин укуктарын камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу расмий суроо-талап жөнөткөн.

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын биринчи кварталында аскер госпиталына жалпысынан 15 аскер кызматкери кайрылган.

Ар бир факт боюнча аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзгөн; 9 факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, 6 факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымкат түзүү жана аскер бөлүктөрүнүн командирлерине маалымдоо жиберүү чечими кабыл алынган.

Алсак, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан аскердик госпиталга мониторинг жүргүзүүдө аныкталган маалыматтарга ылайык, 15 аскер кызматкеринин  кабыргасы сынган, буттары, колдору ар кандай травмалык контузия жана башка жаракаттар менен кайрылышкан. Эки жоокер ийне жутуп алгандыгына байланыштуу аскердик госпиталга түшкөн.

Аскер прокуратурасынын расмий жообуна ылайык, айрым фактылар боюнча, жоокерлер мындай жаракаттарды аскер кызматкерлеринин өздөрүнүн этиятсыздык аракетинен улам алганы айтылат.
Акыйкатчы өлкөнүн аймагында жайгашкан аскердик башкаруу органдарынын, аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, аскердик окуу жайлардын, жана башка аскердик мекемелердин түзүлүштөрдүн мыйзам актыларын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылууну аскер прокуратурасынан талап кылат.

 “Айрым жоокерлер катуу ур-токмокко кабылгандан кийин да, окуя тууралуу айтуудан баш тартышат. Ошондуктан, алардын укуктарынын камсыздалышы тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүл чордонунда болушу керек” деп билдирди Жаманбаева.

Сүрөт: Аскер госпиталында. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты