Акыйкатчы: Казакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча коомдук комиссия түзүлдү

  • 2 года мурун

Абактагы саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүктө ур-токмокко алынган аскердин окуясын иликтөө боюнча Акыйкатчы институтунун алдында коомдук комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматов Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Акыйкатчы «Азаттык» радиосуна билдиргендей, аталган комиссиянын курамына укук коргоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү, Кыйноого каршы улуттук борбордун, Акыйкатчы институтунун жана тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери кирет.

Комиссия соңку бир жылдан ашык УКМКнын Тергөө абагында кармалып жатып 10-июнда каза болгон Марат Казакпаевдин өлүмүнүн жагдайларын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодское айылындагы аскер бөлүгүндө ырайымсыз түрдө сабалган жоокер Бекзат Эсенбеков туш болгон окуяны иликтеп, өз баасын бермекчи.

Абдрахматова Казакпаев туш болгон окуя боюнча Акыйкатчы институнда ички кызматтык иликтөө жүрүп жатканын дагы кабарлаган.

«Саясат таануучунун туугандары 2021-жылы биздин институтка кайрылып, буга чейинки ишке дооматы, наарызычылыгы бар экен. Ошо учурда адамдын укугун коргоо боюнча кандай иш алып барылганына кызматтык баа берүү максатында иликтөө жүргүзүп жатабыз», — деген ал.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) абагынан 9-июнда оор абалда ооруканага түшкөн саясат таануучу профессор Марат Казакпаев эсине келбей жатып, 10-июнда 56 жаш курагында көз жумган. Ага геморрагикалык инсульт деген диагноз коюлган. Ал былтыр апрелде «мамлекетке чыккынчылык» боюнча шектелип кармалган эле. Ага чейин саясат талдоочунун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди сындаганы маеги жергиликтүү гезиттердин бирине басылган. Марат Казакпаевдин жубайы жолдошу УКМКда кыйноого кабылганын айтып чыкты. Атайын кызмат муну четке каккан.

Өлкөдөгү бир катар активисттер, оппозициячыл саясатчылар Казакпаевдин өлүмүнө бийликти күнөөлөп, тиешелүү баа берүүнү талап кылууда.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жатып ур-токмокко туш болгон 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков 6-июнда оор абалда ооруканага түшкөн. Анын табарсыгы жарылып, ден-соолугуна залал келгени аныкталган. Бул боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө баштап, бир прапорщик камакка алынып, аскер бөлүктүн алты кызматкери иштен четтетилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты