Акыйкатчы камактагы журналисттердин жакындарын кабыл алды

  • 6 месяцев мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жарандарды жеке кабыл алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы кармалган журналисттердин жакындарын жеке кабыл алды. Алар акыйкатчыга кармалып тургандардын укуктары бузулуп жатканын айтышты.

“17-январда сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, тергөө абагына которуу чечимин чыгарганына карабастан, алар ушул кезге чейин убактылуу кармоочу жайда отурушат. Бул алардын укуктарын бузууда” ,- деп жакындары арызданды.

Мындан тышкары, сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап жатканда жактоочулардын жүйөөлөрүн эске албаганын аайтышты.

Жамиля Жаманбаева журналисттер кармалган күндүн эртеси эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, убактылуу кармоочу жайга барып, алардын кармоо шарттары менен таанышып, ошондой эле ар бир менен сүйлөшүп келгенин эске салды.

“Биз өз мандатыбыздын алкагында кармалган жарандардын укуктарынын корголушу боюнча иш алып барып жатабыз. Ошондой эле алардын эмне себептен убактылуу кармоочу жайдан, тергөө абагына которулбай жатканын билүү үчүн Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына кат жолдодук”,— деди Жаманбаева.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты