Акыйкатчы: «Камактагы активист Шаменов талап кылган медициналык кароого укугун чектөө негизсиз»

  • 1 год мурун

«Камактагы активист Илгиз Шаменов талап кылган медициналык кароого укугун чектөө — негизсиз», — деп Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал Акыйкатчы институтунун юристтери Илгиз Шаменов менен жолугуп чыкканын жазды.

«Камактагы активисттерди ден соолугу абдан начарлаганга чейин камоо, жалпы жарандык медициналык мекемеге же жеке бейтапканага жаткырылгандарына каршылык көрсөтүү — бул адамгерчиликсиз мамиле, кыйноого барабар. Барыбызга маалым, бай же белгилүү саясатчы, тааныш-тууганы көп болгондор, коррупцияга, элдин жерин, байлыгын, мүлкүн уурдаганга шектүүлөр — үйүндө же ыңгайлуу жеке бейтапканада, курч сөз же сын пикир айткандар — абакта. Кечээ Акыйкатчы институтунун юристери Шаменов менен жолугуп, тергөө изоляторунун кызматкерлеринин, дарыгерлеринин пикирин угуп, тиешелүү кагаздарын изилдеди. Камактагы адам талап кылган медициналык кароого укугун чектөө негизсиз», — деп билдирди Абдрахматова.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты