Акыйкатчы институту USAID менен кызматташууну улантат

  • 2 года мурун

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова USAID уюмунун Кыргызстандагы  миссиясынын директору Кайя Адамс менен жолугуп, жарандардын сот адилеттигине жетүүсү жана адам укуктарын, эркиндиктерин илгерилетүү жаатында кызматташтыкты талкуулашты.

Уюмдан билдиришкендей, жолугушуунун жыйынтыгында гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук маселелеринде чечим табуунун жеткиликтүү жолдорун изилдөөнү макулдашышты. Ошондой эле «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында элге юридикалык жардам көрсөтүү кызматтарын уланта берүүнү сүйлөшүштү.

Акыйкатчы институту менен USAID биргеликте жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү «115 шыр байланыш телефону» кызматын ишке ашырып жатат. Анда жер талаш, жарандык укуктар, үй-бүлө көйгөйлөрү сыяктуу маселелерде элге юристтер кеп-кеңеш беришет.

«Жигердүү жарандар» долбоору USAID тарабынан каржыланып, FHI 360 жана анын Кыргызстандагы жарандык коом өнөктөштөрү тарабынан ишке ашырылууда. Долбоор кыргызстандыктардын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн өкмөт менен жарандык коомдун кызматташуусуна колдоо көрсөтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты