Акыйкатчы институту: тынчтык митингин өткөрүүгө тыюу салуу Конституцияга каршы келет

  • 2 года мурун

Акыйкатчы институту Ала-Тоо аянтында, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында митинг, акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынуусу Башмыйзамга каршы келерин билдирди.

Институт бул тууралуу 17-мартта маалымат таратып, Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тынч жыйындарга тыюу салган чечими эл аралык коомчулукка Кыргызстан адам укуктарын, эркиндиктерин чектеген мамлекет катары баалоого түрткү берерин эскертти.

Мекеме Конституциянын 39-беренесинде “ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу” экени так жазылганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-марттан 11-апрелге чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинаны колдоо үчүн пикетке чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты