Акыйкатчы институту: Селде каза тапкандардын биринин жети баласы жетим калды     

  • 2 месяца мурун


Акыйкатчы институтунун Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү каза болгондордун жакындары менен жолугуп, көңүл айтып келишти. Туугандарына укуктук жана юридикалык колдоо көрсөтүлүүдө.

Бул тууралуу Акыйкачы институту билдирди.

Каза болгондордун биринин жети баласы жетим калды, алардын алтоо — жаш балдар.
Акыйкатчынын тапшырмасы менен чаралар көрүлүп, кызматкерлер акысыз психологиялык кеп-кеңештерди берүүгө даяр.  

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери селден жабыркап, үй-мүлксүз калган жарандар менен да жолугушту. Аларга  укуктук кеп-кеңештер берилип, мамлекеттен кандай жардам алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Акыйкатчы институтунун жамааты селден жабыркагандар үчүн жардам иретинде бир күндүк эмгек акысын которушат.

14-июлдагы нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.

15-июлда Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден ӨКМ куткаруучулары тарабынан аял кишинин сөөгү табылган. Андан мурдараак 6 жашар кыздын сөөгү табылган. 15-июлда Өзбекстандын Анжиян  шаарынын Шахронсой сайынан болжол менен 2005-ж.т. Н.М. жана 2014-ж.т. Н.М. аттуу кыздардын сөөгү табылган. 16-июлда, 1985-жылы туулган Б.А. аттуу аялдын сөөгү Өзбекстан куткаруучулары тарабынан Андижан шаарындагы сайдан табылды.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел болуп, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар.

Сүрөт: Сел учурунда. ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты