Акыйкатчы институту поезд сүзүп каза болгон жаран боюнча прокуратурага кайрылды

  • 2 года мурун

Акыйкатчы институту поезд сүзүп каза болгон жаран боюнча прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, поезд сүзүп кеткен 17 жаштагы өспүрүмдүн жакындары менен Акыйкатчы аппараты байланышты.

Туугандары кырсыкка күбө болгондорду издөөгө көмөктөшүү зарылдыгын билдиришти.

Маркумдун байкесинин айтымында, окуянын чоо-жайы белгисиз, РИИБ ата-энесине эч нерсе айткан эмес.

Буга байланыштуу Акыйкатчы институту каргашалуу окуяны өз көзү менен көргөн же кырсык унаасынын видеорегистраторунда жазылып калган ар бир жаранга кайрылып, эгерде кандайдыр бир маалымат болсо каза болгон жигиттин жакындары менен 0-707-304-060 телефону аркылуу байланышууну өтүнөт. Ошондой эле Акыйкатчы аппаратына 0312- 66-33-05 телефонуна чалса болорун айтабыз.

Акыйкатчы институту ички иштер органдарынын маркумдун жакындарына керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тартканы боюнча прокуратурага кайрылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты