Акыйкатчы институту балдарга жана аялдарга жасалган зомбулук боюнча альтернативдүү баяндама даярдоодо

  • 2 года мурун

Акыйкатчы институту өлкөдөгү балдарга жана аялдарга карата жасалган зомбулук боюнча альтернативдүү баяндама даярдап жатат. Бул тууралуу 24.kg басылмасы акыйкатчы Атыр Абдрахманованын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, баяндамада зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен балдардын укуктарын коргоо боюнча маалыматтар камтылат.

«Статистика кейиштүү. Көпчүлүк иштер тергөө стадиясында кыскарып кетет. Сотко жеткендер деле дайыма эле айыптоочу өкүм менен бүтпөйт. Баяндамада аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыштарга байланыштуу өкүмдөрдү талдайбыз», — деп билдирген Атыр Абдрахматова.

Баяндама Бириккен Улуттар Уюмуна жөнөтүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты