Акыйкатчы институту абакта ачкачылык жарыялагандардын саламаттыгына байланыштуу министрликке кайрылды

  • 2 года мурун

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, абакта ачкачылык жарыялаган 12 адамды медициналык кароого жиберүү өтүнүчү менен Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Акыйкатчынын орун басары Альберт Кополовдун айтымында, нааразычылык акциясынын катышуучуларынын абалы тынчсыздандыраарлык.

Кополов билдиргендей, ачкачылык жарыялагандардын абала кескин начарлап кеткендиктен, абакка бир канча жолу тез жардам чакырылган.

«Бирок СИЗОнун шартында кооптуу өнөкөт оорулары бар митингчилердин чыныгы абалын тактоо мүмкүн эмес. Абактагылардын пиелонефрит, уролития, панкреатит, артериялык гипертензия, кант диабети, гепатит В, калкан безинин оорулары, бронхит, гастрит жана башка оорулары бар”, — деп кошумчалады Кополов.

Белгилей кетсек, 13-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 19 адам нааразычылык иретинде абакта ачкачылык жарыялаган. Ачкачылык жарыялагандардын ичинен экс-депутат Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткени кабарланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты