Акыйкатчы институту 2022-жылкы бюджеттен дээрлик 4 млн сом каражатты үнөмдөп, мамлекетке кайтарганын билдирди

  • 2 года мурун

Акыйкатчы институту 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 4 миллион сомго жакын каражатты үнөмдөп, мамлекеттик бюджетке кайтарып бергенин билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, 2022-жылы Акыйкатчы институтуна бюджеттен 60 млн 146,6 миң сом бөлүнгөн. Анын 86% эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө, командировкаларга — 1,8%, коммуналдык кызматтарга — 3,2%, транспорт кызматтарына — 1,9%, башка товарларды жана кызматтарды сатып алууга — 1,6%, учурдагы оңдоого — 3,1% (пайдаланылган эмес) жана башка чыгымдарга каралган.

«2022-жылдын августунда президент мамлекеттик кызмат системасын реформалоонун алкагында Акыйкатчы аппарат кызматкерлеринин эмгек акысын эки эсеге көбөйткөн, бул үчүн республикалык бюджеттен кошумча 24 миллион сомго жакын каражат бөлүнүшү керек болчу. Бирок Акыйкатчы аппаратынын ишин кардиналдуу реформалоо менен мамлекеттик ресурстарды оптималдаштыруунун натыйжасында бюджеттик каражаттарды олуттуу үнөмдөөгө жетишүү мүмкүн болду. Кошумча каржылоону талап кылбастан, бекитилген бюджеттин чегинде иш алып баруу менен 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча акыйкатчы Атыр Абдрахматова 4 миллион сомго жакын каражатты үнөмдөп, мамлекеттик бюджетке кайтарды», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты