Акыйкатчы үч жашка чейинки балдары бар аялдардын жаза мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну сунуштоодо

  • 2 года мурун

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова №2 аялдардын түзөтүү мекемесине барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул тапта колонияда үч жашка чейинки баласы бар 9 аял отурат. Алар өкүмдүн аткарылышын кийинкиге жылдыруу мүмкүндүгү колдонулбаганын айтышты.

«Мониторинг учурунда балдар үчүн ыңгайлуу балдар аянтчасы, тиешелүү шарт түзүлбөгөнү аныкталды. Коопсуздук эрежелери сакталган эмес. Кийим жууй турган машина жок, балдардын памперстери жана манеждери тартыш», — деп билдирди Акыйктачы институту.

Атыр Абдрахматова жаш балдары бар аялдардын жаза мөөнөтүн кийинкиге жылдыртуу мүмкүндүгүн колдонууга кеңеш берет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты