Акыйкатчы бийликти Зардалынын тургундарынын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө чакырды

  • 2 недели мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Баткен облусунун Зардалы айылындагы мектеп окуучуларынын билимге болгон укугун камсыздоого жана тургундардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө чакырып, кат жолдогон. Бул тууралуу Омбудсмендин басма сөз кызматы 19-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, Омбудсмендин Баткен облусундагы өкүлү Зардалы айылына барып, тургундардын укуктарынын сакталышы боюнча абал менен таанышып келген. Айыл тургундары үчүн оорукана, медициналык түйүн жана электр жарыгы жок жашоо кечиришет.

«Тургундардын көпчүлүгү  орто жаштагы жарандар. Жаштар окуп, билим алууга кетип,  катаал шарттардан улам, айылга кайтып келгилери келбейт. 1997-жылдан бери иштеп келе жаткан башталгыч мектепте жалпысынан 7 гана бала билим алып, 2 мугалим эмгектенүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Институттун берген маалыматында, айылда мугалимдер жана окуучуларга окуу китептери жетишсиз, ар бир предмет боюнча бирден гана үлгү китептер бар. Мектеп бир канча убакыттан бери директору жок иштеп жатат. Ал эми балдарды ысык тамак менен камсыздоо да толук кандуу уюштурулган эмес. Окуучулар үчүн бир айга 1 баштык (коробка) печенье жана вафли гана берилет.

Мындан улам Зардалынын жашоочулары Билим берүү жана илим министрлигине аталган айылга директорду сынагы жок эле түз дайындап берүү маселесин карап көрүүнү сунушташкан.

Зардалы тургундарында транспорт жана байланыш көйгөйү да бар. Айылды облус менен байланыштырган  жалгыз шагыл жол 6 ай гана ачык болуп, кышкысын жабылып калып, сырткы дүйнө менен байланыш үзүлөт. Кыш мезгилинде тургундар аска боюндагы жалгыз таман жол менен жөө-жалаңдап катташат. Зардалы айылынын жашоочусу Тойчу Кайымбеков: “Айла жок, жашоо үчүн, катаал жол менен жөө жүрүүгө аргасыз болобуз. Бул  каттам менен жүрүү өтө кооптуу. Айрым учурларда, жергиликтүү тургундардын өлүмү менен коштолгон кырсыктар да кездешет”, -деп маек берген.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылы “Кыргыз интернет” фонду мектепке  WiFi роутерин орнотуп беришкен. Бирок ушул жылдын май айынан тартып, анын жабдыктары иштен чыгып калган. Айылда уюлдук байланыш да жок болгондуктан, тургундар мектептеги WiFi аркылуу интернеттен өлкө жаңылыктарынан кабардар болуп турушкан.

«Кадр маселесиндеги көйгөй фельдшердик акушердик пунктунда (ФАП) дагы бар.  Дарыгердин жоктугунан зардалылыктардын жалгыз медициналык түйүнү да жабык турат. Жергиликтүү тургундар дарыгердин жардамына муктаж болгон учурда чек ара заставасындагы фельдшердик пунктка кайрылышат»,- деп айтылат Омбудсмен тараткан билдирүүдө.

“Тиешелүү мамлекеттик органдар алыскы Зардалы айылынын жашоочуларынын медициналык жардам жана балдардын толук кандуу билим алуу укугун камсыздашы керек. Катаал шарттарда жашаган элдин социалдык көйгөйлөрүн тезинен чечүүгө чакырам ”, — деген Жамиля Жаманбаева.

Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү мектеп окуучуларына окуу куралдарынан турган белектерди тапшырган.

Ошондой эле иш сапардын жыйынтыгы менен бир нече мамлекеттик органдарга Зардалы айылынын тургундарынын укуктарынын сакталышы тууралуу  кат жөнөтүлгөнү айтылды.

Сүрөт: Омбудсмен

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты