Акыйкатчы бүгүн акциядан кармалгандарга укуктук жардам берилерин билдирди

  • 2 года мурун

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова ИИМ алдындагы акциядан кийин кармалгандарга укуктук жардам берилерин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Ички иштер министрлигинин алдына акцияга чыккандарды кармап кеткендерге укуктук жардам берүү үчүн Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына акыйкатчынын өкүлдөрү жөнөп кетишти», — деп жазды ал.

Эске салсак, бүгүн, 10-январда Ички иштер министрлигинин алдында “2023-жыл адилеттиктин жана мыйзамдуулуктун жылы болсун” деген аталышта акция белгиленген. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта жаткандардын жакындары ИИМдин алдына чогулган. ИИМдин алдына акция өткөрүүгө тыюу салынганы эскертилгенден кийин алар Горький паркына жөнөп баратканда алардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты