Акыйкатчы аппаратынын кызматкери блогер Ырыс Жекшеналиевге жолукту. Анда эмнелер тууралуу сөз болду?

  • 2 года мурун

Бүгүн,15-августта Акыйкатчы аппаратынын кызматкери барып Ырыс Жекшеналиевге жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүү учурунда ал 14-август күнү кечинде ИИМ тарабынан кармалганын айтты. Сурактан кийин ага  мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тарабынан берилген жактоочунун катышуусунда камакта кармоо чечими көрсөтүлгөн. Өз жактоочуларына телефон чалып ала алган эмес.

Ырыс Жекшеналиев кыйноо же башка орой мамиле болбогонун, ТИЗОнун шарттарына эч кандай дооматтары жок экенин айткан. Жекшеналиев өзүнө тагылган айыптарга макул эместигин билдирет. Бүгүн же эртең баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сот отуруму болот. Акыйкатчы аппаратынын юристтери адам укуктарынын сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзүү максатында аны камакка алган жагдайларды иликтеп жатышат.

Акыйкатчы дагы бир жолу укук коргоо органдарынын көңүлүн төмөнкүлөргө бурат:

1) Конституция сөз жана ой эркиндигине кепилдик берет;

2) камакка алынган ар бир адам кармоонун себептери жөнүндө токтоосуз кабардар кылынууга тийиш;

3) Ырыс Жекшеналиевге карата бөгөт коюу чарасын колдонуу үчүн негиздердин жетиштүү, толук, объективдүү, жүйөлүү баа берүү зарылчылыгы. Ал эми аны колдонууда жана түрүн аныктоодо жарандын инсандыгы эске алынышы кажет.

Ошону менен бирге, Акыйкатчы институту бардык камактагыларга карата “камакка алууну” колдонуунун калыптанып калган практикасы жазык сот өндүрүшүнүн эл аралык принциптерине каршы келерин, «камакка алуу » өзгөчө чара деп эсептелинерин жана адамга эркиндигинен ажыратууга байланышпаган бөгөт коюу чарасын колдонууга мүмкүн болбогондо гана колдонуларын белгилейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты