Акыйкатчы абактагы майыптыгы бар жарандардын укуктарын камсыздоого чакырды

  • 5 месяцев мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды эркиндигинен ажыратуу жайларында майыптыгы бар деген макамды алганга мүмкүнчүлүк берген документти кабыл алууну тездетүүгө чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган институтка абакта жазасын өтөп жаткан соттолуучулардын биринин жубайы кайрылган. Анда ал Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен айыпталып, жазасын өтөп жаткан К.К. аттуу жолдошунун укуктары бузулганы боюнча арызданган. Анын айтымында, К.К. аттуу соттолуучуну дарыгерлер оор жумуш кылууга тыюу салган. «Ага карабастан жаза аткаруу кызматынын №43 мекемесинде ал оор жумушка тартылган. Соттолуучу өпкөсүнөн операция болгон. Андан кургак учуктун жабык түрү аныкталып, дарыгерлер К.Кнын өпкөсүнүн бир бөлүгүн алып салышкан. Операциядан кийин дарыгерлер соттолгон жаранды оор жумушка жараксыз деп таап, жаза аткаруу кызматынын №43 мекемесине жөнөтүлгөн. Жаза аткаруу мекемесинде соттолгон жаран курулуш иштерине тартылган», — деп жазылат маалыматта.

Соттолгон жарандын жубайы акыйкатчыга жолдошунун укуктарын коргоп берүүсүн өтүнүп кайрылган.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарга улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык, адам укуктарын сактоону камсыздоо талабы менен расмий кат жолдогон. Жамиля Жаманбаева кайрылгандан кийин соттолгон жаран оор жумуштан бошотулуп, ал эми адам укуктарынын бузулушуна жол берген жабык мекеменин кызматкерлерине карата Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги тарабынан чара көрүлгөн.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардын көңүлүн соттолгондордун укутарын камыз кылуу көйгөйлөрүнө, эркинен ажыратуу жайларында майыптыгы бар деген макамын алууну документтештирүү маселесине бурат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты