Активист Өндүрүш Токтонасыров Илимдер академиясынын алдына акция уюштурду

  • 1 год мурун

Бүгүн, 23-майда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Илимдер академиясынын алдына акция уюштурду.

Анда ал колуна «Студент жаштарды колдогула», «А.Акаевдин дарсы зарылбы? Эмнеге унчукпайсыз?” деген жазууларды көтөрүп чыкты.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен. Аскар Акаев 2021-жылы «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн эки жолу Кыргызстанга келип кеткен. Акаев УКМКга сурак берип, тергөө менен кызматташа турганын билдирген.

19-майдан 20-майга караган түнү Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен Кыргызстанга келген. Анда ал Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине лекция окуй турганы айтылган. Буга айрым студенттер каршы болушкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты