Активист Өндүрүш Токтонасыров 100 миң сом айыпты төлөдү

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 22-июлда, активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан ага салынган 100 миң сом айып пулду төлөдү.

Бул тууралуу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди.

19-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров күнөөлүү деп табылып,  100 миң сом айып салынды.

Токтонасыровго жардам берүү максатында социалдык тармак аркылуу, кайрылышканда, ага керек болгон 100 миң сом бир суткада чогултулган.

Өндүрүш Токтонасыровго кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен козголгон кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда өткөн жылдын сентябрь айынан бери каралып жаткан. 

Ага каршы кылмыш иши 2023-жылдын 30-мартында козголгон. Өндүрүш Токтонасыров өзү бул тууралуу үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.

66 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты