Активист Илгиз Шаменовго кошумча айып тагылды

  • 1 год мурун

Активист Илгиз Шаменовго кошумча айып тагылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Илгиз Шаменовго Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан төмөндөгүдөй кошумча айып угузулду. «Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттерди уюштурууга даярдык көргөн” деген айып тагылды.

Бул берене боюнча жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

Эл арасында “Кемпир-Абад иши” деп аталып калган жазык иши жакынкы арада сотко өткөрүлүп калчудай. Сотто иштин жагдайлары дыкаттык менен териштирилип, калыс баа берилип, адилеттүү чечим чыкса экен», — деп жазды жактоочу.

Ошону менен катар эле ал Шаменовдун дарылануусу ооруканада уланып жатканын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты