Активист Атай Бейшенбекке карата дагы бир кылмыш иши козголду

  • 1 год мурун

«Кемпир-Абад иши» боюнча кармалган жарандык активист Атай Бейшенбекке 2020-жылдагы Октябрь окуяларында Бишкек шаардык мэриясын басып алган деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу адвокат Канат Хасанов билдирди.

Анын айтымында, иштин материалдарын УКМК өткөн жылдын июнь айында чогултуп, ИИМге өткөрүп берген. ИИМ 24-январда иш козголгону тууралуу токтомду адвокатка берген.

Хасанов Атай Бейшенбекке мындан жети жыл мурун козголуп, кылмыштын курамы жок деген негиз менен өндүрүштөн кыскартылган дагы бир иш кайра карала баштаганын кошумчалады.

Мындан тышкары ал активистке буга чейин катышкан митингдерге байланыштуу айып коюлганын, учурда жалпы үч кылмыш иши иликтенип жатканын белгиледи.

Активист Атай Бейшенбек өткөн жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурууга шектелип жапырт кармалгандардын бири.

Сүрөт: Канат Хасановдун Фейсбук баракчасынан алынды

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты