Активист Атай Бейшенбек кармалды

  • 2 года мурун

Активист Атай Бейшенбек кармалды. Бул тууралуу адвокат Канат Хасанов Фейсбуктан түз эфирге чыгып билдирди.

«Атай Бейшенбекти милиция кызматкерлери кафеде отурган жеринен алып кетиптир. Ленин РИИБине 2019-жылдагы соттук иш боюнча алып келишиптир. Эки суткага камайбыз деп жатышыптыр», — деди ал.

Азырынча укук коргоо органдары тарабынан бул тууралуу маалымат бериле элек.

Активист Атай Бейшенбек социалдык тармакта активдүү. Ал өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча өз оюн бөлүшөт, анын ичинде Кумтөргө байланыштуу кырдаал тууралуу да көп жазып келет. Ал соңку постунда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдогон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты