Активист Атай Бейшенбек эки айга камакка алынды

  • 2 года мурун

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган активисттердин бири Атай Бейшенбек ТИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 25-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келатышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрдан 25-октябрга караган түнү жалпы 20 кишинин баш коргоо чарасы каралып, бардыгы эки айга камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты