Активист Айсулуу Кудайбердиевага карата «Майда бейбаштык» беренеси боюнча иш козголду

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Айсулуу Кудайбердиевага карата «Майда бейбаштык» беренеси боюнча иш козгоду. Бул тууралуу активист «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

Кудайбердиеванын айтуусунда, 30-мартта аны Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсү Асылбек Алсеитов чакырып, Игорь Коваленконун арызынын негизинде ага карата «Майда бейбаштык» беренеси менен административдик иш каралып жатканын айткан.

«28-февралда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин астына акцияга чыкканбыз. Ал жерден Коваленко мени жөөлөп, сөгүп-саккан. Мен аны видеого тартайын десем, ал мени сүрөткө тарта баштады. Фотоаппаратын түртсөм, ал мага атырылып, милиция бизди ажыратып калган. Негизи мен арыз жазышым керек эле. Бирок бир айдан кийин гана коомдук тартипти бузду деп жоопко тартканы жатышат. Бүгүн мен дагы ага каршы арыз жаздым», — деди Кудайбердиева.

2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Айсулуу Кудайбердиеваны «2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн» деп айыптап, суракка чакыра баштаган. Ушул жылы февралда анын иши сотко өткөн. Айсулуу Кудайбердиева саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы катары белгилүү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты