Активист Афтандил Жоробеков милицияга суракка чакырылды

  • 1 год мурун

Фейсбуктагы «БеспределKG» баракчасынын администратору, активист Афтандил Жоробеков Бишкектин Октябрь райондук милициясына суракка чакырылды. Бул тууралуу Жоробеков өзүнүн баракчасы аркылуу кабарлады.

Ал жарыялаган чакыруу кагазында күбө катары чакырылганы жазылган. Бирок суракка кайсы иш боюнча чакырылып жатканы көрсөтүлгөн эмес.

Активист Афтандил Жоробеков милицияга суракка чакырылды

Афтандил Жоробеков 2019-жылдын 25-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси («Аймактар аралык касташууну козутуу») боюнча кылмышка шектүү катары кармалган.

Ал анын Фейсбуктагы билдирүүсүнүн алдына жазылган комментарий үчүн кармалганы маалым болгон. Коомчулуктун нааразычылыгынан кийин Жоробековго карата козголгон кылмыш иши кыскартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты