Активист Адилет Балтабайга «массалык башаламандыкка чакырык жасады» деген айып тагылууда

  • 2 года мурун

Жарандык активист Адилет Балтабай өзүнө карата «массалык башаламандыкка чакырык жасаган» деген айып коюлуп жатканын билдирди.

Активист ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук милициясында сурак берип жатат. Ал өзүнө коюлган айып менен макул эмес экенин айтып, куугунтук болуп жатканын белгиледи.

«Мен болгону бийликтегилердин ишин сындагам. Кыргызстандын эркин жараны катары өз пикиримди ачык айтканга укугум бар деп эсептейм. Ал үчүн куугунтук болбошу керек», — деди активист.

Саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн, 30-июнда активист Адилет Балтабайды милиция кызматкерлери кармап кеткенин кабарлаган.

Активист буга чейин дагы Бишкектин Биринчи май райондук милициясында үч жолу сурак берип чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты