Аксыда сел 2 турак үйдүн короосун каптады

  • 2 года мурун

Аксыда сел 2 турак үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, 27-майда саат 19:10до нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам, кокту-колоттордон келген сел суулар Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан 2 турак үйдүн короосун каптады. Андан сырткары Топ-Жаңгак-Кызыл-Көл автоунаа жолдун айрым жерлерине кум-шагылдар түшүп жолду жабып калган деген маалымат түшкөн. Белгиленген аймакка Аксы районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы жетектеген ыкчам топ тартылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты