Аксыда каналга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

  • 12 месяцев мурун


Жалал-Абад облусунун Аксы районунда каналга чөгүп кеткен 13 жашар өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу «АКИпресс» басылмасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аталган аймактагы өкүлү Жеңишбек Жанышбек уулунун маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык, кечээ, 10-августта Аксынын Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында болгон.

Жанышбек уулунун айтымында, өспүрүм Кум айылындагы чоң энесиникине конокко келген. Ал айылды аралап өткөн Наманган каналынын үстүнөн жуунуу үчүн секирип, сүзө албай чөгүп кеткен.

ӨКМ кызматкерлери 10-август кечке маал издөө иштерин баштап, бүгүн 11-августта чөккөн делген жерден 3 чакырым ылдыйдан өспүрүмдүн сөөгүн таап чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты