Аксы: жергиликтүү кызматкерлер кармалды

  • 4 недели мурун

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору жана айдоочусу кармалды. Алар муниципалдык техниканы жеке баюу үчүн пайдаланган деп айыпталууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, органдар тарабынан 2023-жылы аталган кызматкерлер жеке кызыкчылыктары үчүн муниципалдык атайын техниканы мыйзамсыз пайдаланып келгени аныкталган. Алар жеке коммерциялык уюмдардын буйрутмасы менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында артезиандык скважиналарды бургулоо кызматын көрсөтүп келишкен. Көрсөтүлгөн кызматтары үчүн алар 8 миллион сом алышып, каражатты өздөрүнө ыйгарышкан.

«УРАЛ-4320 маркасындагы оор жүк ташуучу унаанын негизинде атайын бургулоо техникасы Кош-Дөбө айыл аймагы тарабынан 2022-жылдын декабрь айында суу бургулоо жана жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн 22 миллион сомго сатылып алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Кош-Дөбө айыл аймагынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору А.З.Б. жана ишкананын айдоочусу Т.С.А. 17-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты