Аксы РИИБинин жана Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери кармалды

  • 1 год мурун

Аксы райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) жана чек ара заставаларынын жетекчилеринин аткезчиликке катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтар алынды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Тинтүүнүн жыйынтыгында ири суммадагы акча каражаттары, контрабандалык товарларды өткөрүп берүү жөнүндө жазуулар, ошондой эле жөнөтүүгө даярдалган эл керектөөчү товарлар жана бодо мал табылды.

Ошондой эле чек ара кызматынын атайын дрондорун колдонуу менен мүмкүн болгон контрабанда жолдорун текшерүү учурунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган учурда жалпы суммасы 1 миллион 200 миң сомдук 31 куту тамеки буюмдарын ташып бара жаткан унаа кармалды.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, Аксы РИИБинин үч кызматкерине, анын ичинде башчысынын орун басары А.И., ошондой эле чек ара кызматынын заставаларынын 3 командирине аткезчиликти уюштургандыгы жана колдогондугу үчүн айып салынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты