АКШнын Жогорку соту TikTok соцтармагына тыюу салган мыйзамды колдоду
- 2 года мурун
17-январда АКШнын Жогорку соту TikTok соцтармагына Кошмо штаттардын аймагында тыюу салуу боюнча мыйзамды колдоду. Бул тууралуу NBC News жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, федералдык мыйзам TikTokко ээлик кылган кытайлык ByteDance компаниясынан аталган платформаны сатууну талап кылат. Эгерде сатуу болбосо, 19-январда миллиондогон америкалыктар колдонгон платформага тыюу салынат. TikTok платформасы бул мыйзамга каршы сөз эркиндигинин бузулушу боюнча доо арыз менен кайрылган, бирок Жогорку сот аны четке какты.
«Юстиция министрлиги (ред. АКШнын) мыйзамды коргоодо эки негизги маселени көтөрдү: кытай өкмөтү колдонуучулардын коомдук пикирге таасирин тийгизген мазмунду көзөмөлдөй алат жана миллиондогон америкалык колдонуучулардын купуя маалыматтарын чогулта алат»,- деп айтылат маалыматта.
АКШнын Жогорку соту аталган мыйзам сөз эркиндигин чектөөгө тиешеси жок мамлекеттик кызыкчылыкты көздөй турганын билдирди. «ТикТоктун масштабы жана чет элдик каршылаштар тарабынан көзөмөлдөнүүгө туруштук бере албоосу, ошондой эле платформа чогулткан купуя маалыматтардын көптүгү улуттук коопсуздук маселелерин чечүү үчүн өкмөттүн ага карата бөтөнчө мамилесин актайт».- деп билдирген АКШнын Жогорку соту.
Сүрөт: интернет булактары




