АКШнын мамдепартаменти чек арадагы окуяга тынчсыздануусун билдирди

  • 2 года мурун
АКШнын мамдепартаменти чек арадагы окуяга тынчсыздануусун билдирди

АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

“Биз тажик-кыргыз чек арасындагы кагылышуулар тууралуу маалыматтарга тынчсызданып жатабыз. Жарандардын өмүрү коркунучта, жабыркагандарга тилектешпиз. Биз эки тарапты ок атышууну токтотуу режимин сактоого жана дипломатиялык жол менен тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн эки эселенген күч-аракетти жумшоого чакырабыз”.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. БУУ баш катчысы 20-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, абалды талкуулоого даяр экенин билдирген.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты