АКШнын коргоо министри: «Эркин дүйнө Украинанын жеңилишине жол бербейт»

  • 4 месяца мурун

АКШнын коргоо министри: «Эркин дүйнө Украинанын жеңилишине жол бербейт»

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Конгресс Киевге аскердик жардам берүүнү беките электигине карабай, Вашингтон жана анын союздаштары Украинанын жеңилип калышына жол бербейт деп ишендирди.

19-мартта Германиядагы америкалык Рамштайн авиабазасында 50дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин төрагалыгында өткөн жыйында Украинага аскердик жардам берүү маселеси талкууланды.

«Америка Кошмо Штаттары Украинанын жеңилишине жол бербейт. Коалиция да, эркин дүйнө Украинанын жеңилишине жол бербейт», — деди Остин.

Пентагондун башчысы «украин аскерлери оор шарттарда салгылашып жатканын» белгиледи.

АКШ Конгресси Украинага 60 миллиард долларлык жардам тууралуу мыйзам долбоорун кабыл ала элек. Аны Сенат жактырган, бирок Өкүлдөр палатасынын колдоосуна ээ боло элек.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.

Сүрөттө: Ллойд Остин менен Украинанын коргоо министри Рустем Умеров. AP.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты